NLka

Omega-3 DHA — Омега-3 ДГК

Жапайы океан балыктарынын майынан алынган Омега-3 ДГК балдарга алардын активдүү өсүү жана өнүгүү мезгилинде пайдалуу. Ал эми аялдарга — кош бойлуулукка даярдануу, кош бойлуулук жана бала эмизүү мезгилинде пайдалуу, анткени баланын нерв системасынын жана мээсинин саламат өнүгүшү ушул мезгилде түптөлөт.

1 капсулада 250 мг ДГК
7 жаштан жогорку балдар жана кош бойлуу жана бала эмизген аялдар кабыл алса болот
БАК. Дары-дармек каражаты болуп эсептелбейт
Россияда өндүрүлгөн
«Халал» сертификаты
700 мгдан 60 капсула
 

1990 сом

ДГК, же жапайы океан балыктарынын майынан алынган докозагексаен кычкылы – балдардын нерв системасынын, мээсинин жана көрүүсүнүн өнүгүшүнө өбөлгө түзгөн абдан маанилүү Омега-3 поликаныкпаган май кычкылы.

ДГКны мээ үчүн «алтын» деп да атап коюшат.

Демейде эненин сүтү ДГКны бала үчүн зарыл болгон өлчөмдө камтыйт. Анын калыптанышы үчүн бай рацион – эненин тамактануусу маанилүү. Ошондуктан БССУ аялдарды мүмкүн болушунча ушул кычкылга бай тамактарды кабыл алууга үндөйт.

ДГКнын мээде топтолушу балдардын когнитивдик, эмоционалдык, социалдык жана жүрүм-турумдук өрчүүсү үчүн маанилүү курулуш материалы болуп саналат. 

ДГК баланын организминде олуттуу структуралык жана функционалдык ролду ойнойт, ал эми анын жетишсиздиги баланын интеллектуалдык жана физикалык өнүгүүсүнө терс таасирин тийгизиши мүмкүн.

Ошондуктан Омега-3 DHA ар бир капсуласы ДГКнын жогорку концентрациясын камтыйт – 1 капсулада 250 мг.

ДГК, же докозагексаен кычкылы балага төмөнкүлөр үчүн зарыл:

  • мээнин саламат өнүгүшү,
  • интеллектти, эс тутумду жана көңүл бурууну жогорулатуу,
  • мыкты көрүү жөндөмдүүлүгүн жана иммунитетти колдоо,
  • когнитивдик жөндөмдүүлүктөрдү өнүктүрүү.

Курамында жасалма боёгуч заттар, жыт бергичтер жана таттууланткыч заттар жок.

Капсуланын формасы жана өлчөмү жутуу үчүн ыңгайлуу.

Капсуланын даамы жана жыты нейтралдуу.

Жарактуулук мөөнөтү: 2 жыл

океан балыктарынын майы, кабыгы (желатин, E422 глицерини (коюуланткыч зат), суу), E306 токоферолдор аралашмасы (кычкылдантпоочу зат).

БАКты сунушталган өлчөмдө кабыл алууда организмге келип түшөт:

Биологиялык активдүү заттар (БАЗ)

БАЗдын камтылышы

7–10 жаштагы балдар

11–14 жаштагы балдар

15–17 жаштагы балдар

Чоңдор, анын ичинде кош бойлуу жана бала эмизген аялдар

эркек балдар

кыздар

уландар

өспүрүм кыздар

1 капсула

1 капсула

3 капсула

Докозагексаен кычкылы (ДГК)

250 мг (36 %*)

250 мг (36 %*)

750 мг (107 %*)**

Эйкозапентаен кылы (EPA)

62,5 мг (10,4 %*)

62,5 мг (10,4 %*)

187,5 мг (31,3 %*)

* КАД (керектөөнүн адекваттуу деңгээли)

** КЖҮД (Керектөөнүн жол берилген үстүңкү деңгээли)

  1. 7 жаштан жогорку балдарга тамак менен күнүнө 1 жолу 1 капсуладан.
    Кабыл алуу мөөнөтүнүн узактыгы — 1 ай. Ар 10 күн сайын тыныгуу жасап, үзгүлтүксүз негизде кабыл алууга жол берилет. 
  2. Чоңдорго, анын ичинде кош бойлуулукка даярданып жаткан, кош бойлуу жана бала эмизген аялдарга тамак менен күнүнө 1–3 жолу 1 капсуладан.
    Кабыл алуу мөөнөтүнүн узактыгы — 1 ай. Ар 10 күн сайын тыныгуу жасап, үзгүлтүксүз негизде кабыл алууга жол берилет.

Каршы көрсөтмөлөр: өнүмдүн компоненттерин көтөрө албастык. Кабыл алуудан мурда дарыгер менен кеңешүү сунушталат, БАКты балдарга берүүдөн мурда дарыгер-педиатр менен кеңешүү сунушталат. Кош бойлуу жана бала эмизген аялдар дарыгер менен макулдашып жана анын көзөмөлү астында кабыл алууга тийиш.

Отзывы о продукте Omega-3 DHA — Омега-3 ДГК