Be Loved Oriental

Creamy Bubble сleanser терини күнүмдүк тазалоо үчүн упасы

С витамини менен терини терең тазалоочу упа — бул жадагалса эң сезгич тери үчүн да ылайыктуу болгон, корей косметологиясынын уникалдуу жана көп функционалдуу өнүмү. Теринин тешикчелерин терең тазалап, рельефин тегиздейт. Пигменттик тактарды агартып, ичке карай өскөн түктөрдөн арылтат.

50 гр
Түштүк Кореяда өндүрүлгөн

1650 сом

Терини терең тазалоо жана жаңылоо үчүн үлпүлдөк упа. Суу менен аралаштырганда назик көбүккө айланып, терини интенсивдүү тазалайт, терең нымдандырат, анын кемчиликтерин азайтып, терини жылмакай жана серпилмелүү кылат. Курамында С витамининин жогорку концентрациясы бар революциялык формуласынын аркасында — 150 000 PPM — упа күчтүү антиоксиданттык коргоону камсыз кылат. Сезгич тери үчүн ылайыктуу.

  • С витамини теринин серпилмелүүлүгү жана бекемдиги үчүн маанилүү болгон коллагендин иштелип чыгышына түрткү берет. Беттин өңүн тегиздеп, жакшыртат. Клеткаларга эрте картаюуга алып келген эркин радикалдардын зыяндуу таасирлери менен күрөшүүгө жардам берет.
  • Көмүр упасы теринин кирлерин сиңирип алат, суу-май балансын нормалдаштырат, өлгөн клеткаларды түлөтөт, тешикчелерди тарылтат жана терини жылтыроодон арылтып, рельефин тегиздейт.
  • Гинкго билоба экстракты теринин серпилмелүүлүгүн жогорулатып, картаюу процесстерин жайлатат.

SODIUM COCOYL ISETHIONATE, ZEA MAYS (CORN) STARCH, SODIUM BICARBONATE, ASCORBIC ACID, CITRIC ACID, COCONUT ACID, SODIUM ISETHIONATE, CHARCOAL POWDER, WATER, BUTYLENE GLYCOL, PUNICA GRANATUM FRUIT EXTRACT, FICUS CARICA (FIG) FRUIT EXTRACT, MORUS ALBA FRUIT EXTRACT, GINKGO BILOBA NUT EXTRACT, PARFUM.

* Табигый компоненттер

  1. Бет жуучу каражат катары: ным алаканыңызга бир аз упа төгүп, бир аз суу кошуп көбүртүңүз. Продукцияны бетке акырын тегерете укалоо кыймылдары менен сүйкөп, андан соң жылуу суу менен чайкаңыз. Жумасына 1-2 жолу колдонуу сунушталат.
  2. Пилинг-маска катары: упаны суу менен 1:1 катышта аралаштырыңыз. Масканы бетиңизге сүйкөңүз. 5–10 мүнөттөн кийин упанын калдыктарын жылуу суу менен жууп кетириңиз. Жумасына 1 жолу колдонуу сунушталат.
  3. Денени тазалоочу каражат катары: бир аз өлчөмдөгү каражатты нымдалган жышынгычка сүйкөп, көбүртүп, укалоочу кыймылдар менен денеге сүйкөп жышыныңыз, андан соң жылуу суу менен жууп кетириңиз. Жумасына 1-2 жолу колдонуу сунушталат.

Отзывы о продукте Creamy Bubble сleanser терини күнүмдүк тазалоо үчүн упасы