Spring Promo: укмуштуудай жакшыруу жана апрель айындагы жаңы сюрприз

Кымбаттуу достор!

Мына, ошентип март айы да аяктады, аны менен бирге Spring Promo'нун биринчи баскычы да соңуна чыкты. Бирок кызыктын баары алдыда! Промо жеңүүчүлөрү үчүн биз көптөгөн баалуу сыйлыктарды даярдап койдук. Төмөндөгү шарттарды окуп, кошулуңуз, анткени буга Active Partner'ден болгон же андан өйдө даражадагы ар бир өнөктөш катыша алат.

Апрель айынын баш байгеси

Ар бир ай өткөн сайын суперприз укмуштуудай болуп баратат! Апрель айынын шарттарын аткаргандарга биз өзүн Алдыңкы-лидердин ордунда өзүн сынап көрүүгө жана компаниянын "Бай адамча" деген биринчи трансформациялык реалити-долбооруна катышууга өзгөчө мүмкүнчүлүк беребиз. 

Жеңүүчүгө Москвага 3 күндүк сапарга барууга мүмкүнчүлүк берилет: ал жакта билим алууга жана алдыңкы-лидерлер менен жолугушууга, өзгөрүлүүгө жана трансформацияланууга, фотосессияларга жана дил маектерге катышууга, эң мыкты деңгээлде эс алууга жана сапардын соңунда мегасюрприз алууга жол ачылат! Сиз чөнтөктөгү азыркы акчада алда канча көбүрөөк акча менен кандайча жашаса болорун, кандай өнөктөш болмоктуңузду жана өз бизнесиңизди кантип жүргүзө аларыңызды биле аласыз, муну татып көрө аласыз. Сапар өз ичине сиздин шаардан учууну, 5* мейманканада жайгашууну, Москванын ресторандарында тамактанууну жана долбоордун программасына катышууну камтыйт. 

Бул айда эмне кылуу керек?

Утушка катышуу үчүн сиздин даражаңыз Active Partner же андан жогору болушу керек, февраль айына салыштырмалуу биринчи катарда 200 PV ЖК менен +3 келишимге "өсүшүңүз" керек.

  • Ушуну менен токтоп калбаңыз. Максаттан ашкан ар бир +2 келишим - утуп алууга түзүлгөн кошумча мүмкүнчүлүк болуп эсептелет.
  • Баштапкы топтомдордун эсебинен жасалган PV көлөмү эсепке алынбайт.
  • Чет өлкөлүктөр көзөмөлдөгөн компаниялар промого катыша алышпайт. 

Шарттар туурасында көбүрөөк маалымат алуу үчүн жана ийгилигиңизди көзөмөлдөш үчүн бул жакка кириңиз: https://ng.nlstar.com/ru/spring-promo. Мына, азыр жаңы ашуулардын ашканга аттаныңыз!

Кошумча шаймандар

NBSU корпоративдик университети жөнүндө унутпаңыз, ал жактан бизнеске чакырык жасаганды жана каршы пикирлерди кантип ийгиликтүу жеңсе болорун үйрөнө аласыз. Бул сиздин утуп алуу мүмкүнчүлүгүңүздү гана арттырбастан, узак мөөнөттүү келечекте чөнтөгүңүздү да калыңдатат.

Жаз — өсүү мезгили. Сыйлыктар ай сайын гүлдөп турат, эми сиздин командаңызды гүлдөтүүгө да убакыт келип жетти! Колуңуздан дагы эмнелер келерин көрсөтүп, сиз татыган сыйлыктарды алыңыз. Ийгилик каалайбыз!