2023-жылдын декабрь айынын жабылышы
Урматтуу өнөктөштөр жана кардарлар!
Декабрда айдын жабылуу датасы тууралуу маалыматка көңүл буруңуз. 2023-жылы айдын жабылышы 30-декабрда Москва убактысы боюнча 22:00 чейин (ишемби күнү) болот. Бардык процесстерди 30-декабрда өз убагында жүргүзүңүз:
- Электрондук буйрутмалар Москва убактысы боюнча саат 22:00 чейин жүргүзүлөт.
- Дүкөндөрдөгү сатып алуулар декабрь ичи күн бою, 30-декабрда иштөө тартибине ылайык жүргүзүлөт.
Маанилүү! 30-декабрда МСК боюнча 22:00 кийин таризделген электрондук буйрутмалар 2024-жылдын январь айына киргизилет. Дүкөндөгү 31-декабрда жасалган сатып алуулар 2024-жылдын январь айына киргизилет.
Жабууга эртерээк даярданыңыз! Бардык электрондук которууларды, конвертацияларды жана online-буйрутмаларды 30-декабрда саат 20:00 чейин (Москва убактысы боюнча) жасаңыз. Буйрутмалар үчүн дельта жана юниттер бир нече сааттан кийин келиши мүмкүн.
Маанилүү! Декабрь айындагы чектерди 2-январда эртең менен Жеке кеңседен көрүүгө болот. Декабрдын жыйынтыгы боюнча ЖИге жасалуучу төлөмдөр эсептик бетэсепке 9-январдан баштап жүргүзүлөт.
Компаниянын жаңы жылдык жана Рождество майрамдарындагы иштөө графигине көңүл буруңуз.
Борбордук кеңсенин иштөө графиги:
- 30-декабрь — иш күнү (айдын жабылышы);
- 31-декабрь – 8-январь — дем алыш күндөрү;
- 9-январь (шейшемби) — жаңы жылдын биринчи иш күнү.
Call-борбордун иштөө графиги:
- 30-декабрда 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) 31-декабрь 04:00 чейин (Москва убактысы боюнча) тыныгуусуз иштейт;
- 31-декабрь, 1, 2 жана 3-январь — дем алыш күндөрү;
- 4-январда саат 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) — адаттагыдай эле.
Nelly онлайн-чатынын операторлорунун иштөө графиги:
- 30-декабрда 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) 31-декабрь 00:00 чейин (Москва убактысы боюнча) тыныгуусуз иштейт;
- 31-декабрь, 1, 2 жана 3-январь — дем алыш күндөрү;
- 4-январда саат 04:00 баштап (Москва убактысы боюнча) — адаттагыдай эле.
Nelly ботунун колдоо кызматы күнү-түнү дем алыш күндөрсүз иштейт: https://t.me/Nelly_NL_bot.
Бардык өлкөлөрдөгү NL дүкөндөрүнүн иштөө графиги:
- 30-декабрда кадимки режимде иштейт;
- 31-декабрда — жергиликтүү убакыт боюнча саат 15:00 чейин;
- 1, 2 жана 3-январь — дем алыш күндөрү;
- 4-январдан баштап — адаттагыдай эле.
Бардык өлкөлөрдөгү NL кеңселеринин иштөө графиги:
Кеңселер майрам күндөрүндөгү иштөө графигин өз алдынча түзүшөт. Иштөө режими жөнүндө маалыматты кеңсеге чалуу аркылуу тактоого болот, бардык байланыштар «География» бөлүмүндө.
Келе жаткан майрамыңыздар менен!