Интернет-дүкөндөгү жаңы функциялар: өнүмдөрдү башка шаарлардан издеп, алардын айкалыштуулугун бир-эки чыкылдатып текшериңиз
Сиз интернет-дүкөндү колдоносуз, ал эми биз аны күн сайын ыңгайлуураак болгондой кылабыз Бизде эки чоң жаңылануу бар.
Шаарлар боюнча издөө
Рефералдык бизнес ар кайсы шаарлардан жана өлкөлөрдөн өнөктөштөрдү табат. Ал эми насаатчыларга көп учурларда товарлардын бар же жоктугун ар кайсы шаарлардан текшерүүгө туура келет. Муну интернет-дүкөндө жасоо мүмкүн болчу, бирок ал үчүн менюну ондогон жолу ачып, керектүү шаарларды тандоо керек болчу. Эми бүттү. Мындан ары функционалдуулук жана ыңгайлуулук гана болот.
Ар бир товардын карточкасына биз «Башка шаардан табуу» баскычын кошуп койдук. Аны басыңыз жана ачылган терезеде сиз өнүмдү кайсы шаарларда сатып алуу мүмкүндүгүн жана канча даана калгандыгын көрө аласыз. Бүткүл тизмени барактагыңыз келбесе, издөө тилкесине керектүү шаарды жазыңыз.
Өнүмдөрдүн айкалыштуулугу
Ар түрдүү өнүмдөрдүн активдүү компоненттери бири-биринин аракетин жокко чыгарышы мүмкүн. Анда мындай өнүмдөрдү пайдалануудан пайда жок болуп калат. Андыктан БАК курстарын жана тамактанууну акылдуулук менен айкалыштыруу зарыл. Биз ар дайым бири-бири менен айкалышкан өнүмдөрдү жана каражаттарды сунуштап, ал эми айкалышпагандарын сунуштабайбыз.
Бирок мурда ал үчүн килейген, ыңгайсыз таблицаларды окуп чыгуу керек болчу. Эми болсо – товардын карточкасындагы «Айкалыштуулук» баскычын басып, интернет-дүкөндүн ассотименти «Айкалышат», «Кабыл алуу мүмкүн» жана «Айкалышпайт» деген үч категорияга бөлүнгөндүгүн көрүңүз.
Тизмени карап, керектүү товарды тандаңыз. Жана дароо себетке салыңыз. Ыңгайлуу бекен?
Жаңы функциялар интернет-дүкөндүн веб-версиясында жеткиликтүү. Келечекте мобилдик тиркеменин колдонуучулары үчүн да жеткиликтүү болот.
Жаңы баскычтарды басып көрүүгө шашылыңыз!