NL Стандарттары менен процедураларындагы өзгөрүүлөр
Урматтуу менеджерлер!
Системанын бирдиктүү эрежелерин сактоо — туруктуу бизнестин зарыл шарты, узак мөөнөттүү жана натыйжалуу өнөктөштүктүн белгиси.
Күн сайын компанияга компаниянын менеджерлери тарабынан Стандарттардын бузулушу жөнүндө, атап айтканда соцтармактарга жана ачык чаттарга белектер, лотереялар, утуш оюндары жана акысыз жеткирүү жөнүндө маалыматтарды жарыялоо боюнча кайрылуулар келип түшүүдө.
Компаниянын Стандарттарына ылайык, бардык менеджерлер, квалификациясына карабастан, бирдей шарттарда жана бир схема боюнча иштеши керек, «башкалардын» кардарларын тартып алууга жол бербөө үчүн менеджерлер кошумча артыкчылыктарга ээ болбошу керек.
Ошондуктан 18-октябрдан тартып компания Компаниянын интернет-илгерилетүү эрежелерин жөнгө салуучу стандарттарынын 8.4.7-пунктуна өзгөртүүлөрдү киргизет.
Кандай болгон?
Менеджер маалыматты өзүнүн базасындагы кардарларына жабык чаттарда жөнөтүп, жеке акцияларын жүргүзүүгө (белек берүүгө, өзүнүн белек бонустарын бөлүшүүгө) укуктуу.
Менеджер өзүнүн жеке ресурстарында ачык жеткиликтүүлүктө компания жарыялаган расмий акцияларды гана жарнамалай алат.
Эми кандай болуп калды?
Менеджер бул маалыматты өзүнүн базасындагы кардарларына жабык чаттарда жөнөтүп, жеке акцияларын жүргүзүүгө (белектерди берүүгө, утуш оюндарын, лотереяларды жүргүзүүгө, өзүнүн белек бонустарын бөлүшүүгө) укуктуу.
Менеджер өзүнүн жеке ресурстарында ачык жеткиликтүүлүктө компания жарыялаган расмий акцияларды гана жарнамалай алат, ошондой эле акысыз жеткирүү мүмкүнчүлүгү тууралуу тарата алат. Ачык ресурстардагы ар кандай белектерге, лотереяларга жана утуш оюндарына тыюу салынат.
Ресурстун ачык же жабык экендигин кантип билем?
Ачык ресурстар — бул маалыматтын ар кандай коомдук булактары: социалдык тармактар, жеке сайттар, WhatsApp, Telegram же башка мессенджерлердеги ачык чаттар (колдонуучу өзү кошула ала турган баардык чаттар, анын ичинде администратордун макулдугусуз же ал кошпосо дагы).
Жабык ресурстар — бул сиздин кардарларыңыз же структураңыз менен болгон жабык чаттар (администратор өзүнүн кардарларын жана менеджерлерин өзү кошкон же колдонуучунун өтүнүчү боюнча чатка кирүүнү макул тапкан бардык чаттар), ошондой эле жеке кат алышуулар.
Компания өзүнүн системасын коргойт жана эрежени бузгандарга карата Стандарттарда баяндалган аракеттерди колдонууга, жадагалса келишимди бузууга укуктуу.
Өнүмдөрдү илгерилетүү жана сатуу эрежелери тууралуу кененирээк маалыматты Иштөө системасы — Стандарттар бөлүмүнөн окусаңыз болот.
Сиздерге чынчыл жана натыйжалуу бизнести каалайбыз!