Сиз каалагандай: жаңы муундагы өнүмдү ишке киргизүүдөбүз – UP2U

Достор!

Өткөн бир убакта SMART- өнүмдөрүнүн философиясын түзгөнбүз. Мыктылыкка жетишүү үчүн бүгүн биз кезектеги кадамды жасап жатабыз жана сизге тамактанууда жаңы ыкманы сунуштайбыз. UP2U өнүмдөр сызыгы менен таанышыңыз!

UP2U аталышы бүтүндөй бир слоганды жашырат: Use as you want, бул «Каалагандай колдонуңуз» дегенди билдирет. Анткени UP2U — үч терминдин суммасы: негизги сүтшербет + топпинг + суперфуд.

UP2U Cocktail Vanilla и Chocolate — сүйүктүү сүтшербетиңиздин жаңы көрүнүшү, аны ошол бойдон калтырса болот же суперфуддар жана топпингдер менен толуктаса болот. Сүтшербетте шоколаддын же ванилдин жумшак, жеңил даамы бар.

Сүтшербеттин артыкчылыктары:

  • 4D Protein Complex — организмди толук азыктандыруу үчүн курамында коллагени бар байытылган белок матрицасы.
  • Өнүмдун гликемиялык индексин төмөндөтүүчү инновациялык Phytolyn™ компоненти менен GI Complex.
  • Өсүмдүк экстракттары жана ферменттери, витаминдер жана минералдар.

UP2U Superfood — пайдалуу заттардын жогорку концентрациясына жана максималдуу биожеткиликтүүлүгүнө ээ жана ошол эле учурда сүтшербет менен идеалдуу айкалышып, анын даамын өзгөртпөстөн  рационду байытуу үчүн суперфуддордун өзгөчө композициялары.

Композицияларга эмнелер кирет?

  • SEED — кубаттуулук үчүн жана калыбына келтирүү үчүн үрөн,
  • FIBER — «калориясыз» кандыруучу жана жайлуу сиңдирүү үчүн диеталык азык була,
  • MUSHROOMS — организмдин көнүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү үчүн козу карындар,
  • GREEN — табигый тазалоо үчүн хлорофилл,
  • GOLD — зат алмашууну активдештирүү жана иммунитетти колдоо үчүн татымалдар.

UP2U Topping — сүтшербетке кошумча мөмө-жемиштердин даамын берип, жеңил ваниль же шоколад негизи менен гармониялуу айкалышкан кошумча татымал.

Топингдердин артыкчылыктары:

  • табигый эктракттар жана ширелер,
  • мөмөлөрдүн жана жемиштердин чыныгы бөлүктөрү,
  • максималдуу пайдасын сактоо үчүн кылдат иштетүү технологиялары. 

Өнүмдөрдү пайдалуулак жана даамдуурак кылуу үчүн суперфуддарды жана UP2U топпингдерин дагы кайсыл жерге кошсо болот?

  • смузиге,
  • буламык менен мюслиге,
  • быштак жана йогуртка,
  • сорпого, пастага же салатка. 

Функционалдык тамактануу эч качан мынчалык ар тараптуу болгон эмес. Даамдарды өзгөртүңүз, кошуңуз, айкалыштырыңыз, аралаштырыңыз. UP2U сүтшербеттер жөнүндө ой жүгүртүүңүздү өзгөртөт!

UP2U presentation (KG)

Сатып алуу